Жаңылыктар
Мурунку стипендиаттардын Душанбе шаарында жолугушуусу (20.01.2012)
 2012-жылдын 20-январында Тажикстандын борбор шаары Душанбеде мурунку стипендиаттардын жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууга 88 стипендиат катышты. Жолугушууну, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин жетекчиси Касимов Грез жана Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызматчылар агенттигине караштуу Квалификацияны жогорулатуу боюнча институтунун ректору Гавхар Шарофзода ачты.
Мурунку стипендиаттар Сунатулло Гадоев жана Даврон Хошимов, Ханнс Зайдель Фондусунун колдоосу астында 2011-жылдын 1-10-декабрына чейин Германияда болуп өткөн квалификацияны жогорулатуу боюнча курс жөнүндө презентация даярдап, сунушташты. Презентация, биринчи кезекте, Баварияда мамлекеттик башкаруу жөнүндө болду. Анда көптөгөн суроолор берилип, бул Ханнс Зайдел, Фондусунун стипендиаттарынын Германиядагы мамлекеттик башкаруу системасына кызыгуусун көрсөттү. Хоф шаарындагы Мамлекеттик
Ханнс Зайдель фондусунун стипендиаттарынын катышуусунда өткөн илимий-педагогикалык конференция (17.01.2012)
 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясында 2012-жылдын 17-январында учурда Кыргыз Республикасында калыптанып жаткан саясый менеджменттин актуалдуу маселелерине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Өкүлчүлүктүү бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын биринчи проректору Б Сыдыков, Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азия боюнча долбоорунун жетекчиси Макс Георг Майер, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун директору Т.Ш.Абдыров, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Т.Сулайманов мырзалар жана ЮНЭСКОнун кафедра башчысы Т.О. Ожукеева, ошондой эле Башкаруу Академиясынын профессордук-педагогикалык курамы катышкан.
Илимий-педагогикалык конференция (16.01.2012)
 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуту Башкаруу Академиясында 2012-жылдын 16-январында «Кыргыз Республикасынын отун-энергетика саясаты» жана «Кыргыз Республикасында суу-энергетика ресурстарын азыркы шартта тескөөгө алуу» темалары боюнча илимий-педагогикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуту Башкаруу Академиясынын биринчи проректору Б.Сыдыков, Ханнс Зайдель фондусунун Борбордук Азия боюнча долбоорунун жетекчиси Макс Георг Майер мырзалар, Академик Д.М. Маматканов, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун директору Т.Ш. Абдыров, ЮНЭСКОнун кафедра башчысы Т.О.Ожукеева, ошондой эле Академиянын профессордук-педагогикалык курамы катышышты.
Р. Гарайссен (ФРГ) мырза өткөргөн семинар (08.12.2011)
 2011-жылдын 2-декабрынан 8-декабрына чейинки аралыкта Роберт Гарайссен мырза «Кесиптик жана коомдук контексте презентациялоо жана өзүн-өзү презентациялоо» темасында семинар өткөргөн.
Семинар Ханнс Зайдель Фондусунун стипендиаттары, Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу Башкаруу Академиясынын окутуучулар жамааты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр агенттигинин кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн.
Семинардын жүрүшүндө риторика жана презентациялоо принциптерин, кыска, белгилүү бир темадагы тапшырмаларды аткаруу учурунда презентациялоо каражаттарын пайдалануу, топтордо ушул ыкманы (Mind-Map) колдонуу менен иштеп чыгууларды жөнгө салуу сыяктуу темалар талкууга алынган.
Ханнс Зайдель Фондусунун «Мамлекеттик башкаруудагы менеджмент» магистрдик программасынын алкагында 3-бүтүрүүчүлөрдөн болуучу стипендиаттар үчүн биринчи окуу жылын баштоо аземи
(15.12.2011)
 2011-жылдын 15-декабрында Тажикстанда мамлекеттик деьгээлде таанылган Ханнс Зайдель Фондусунун «Мамлекеттик башкаруудагы менеджмент» магистрдик программасынын алкагында 3-бүтүрүүчүлөрдөн болуучу стипендиаттар үчүн биринчи окуу жылын баштоо аземи болуп өттү. Өкүлчүлүктүү бул иш-чарага Ханнс Зайдель Фондусунун Борбордук Азиядагы долбоордун жетекчиси Макс Майер мырза, Квалификацияны жогорулатуу боюнча Институттун ректору Гавхар Шарофзода, институттун доценттери жана Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызматкерлер агенттигинин жетекчиси Г.Касимов, ошондой эле Тажикстан Республикасындагы эл аралык кызматташтык боюнча Япония агенттигинин (JICA) жетекчиси Лида Дхиро катышышты. Дээрлик бардык меймандар «Мамлекеттик башкаруудагы менеджмент» магистрдик программасынын дарегине куттуктоо сөздөрүн айтышып, бул демилге аркылуу Тажикстандын мамлекеттик кызматы жаьы квалификациялуу адистерге ээ боло тургандыгына ишеним билдиришти.
Борбордук Азиядан ФХЗнын мурдагы стипендиаттар үчүн квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар(11.12.2011)
 2011-жылдын 1-декабрынан 11-декабрына чейинки аралыкта Ханнс Зайдель Фондусунун Кыргызстандагы, Тажикстандагы, Казакстандагы магистрдик курстарынын учурдагы стипендиаттарынын ичинен тандалып алынган делегация Баварияда болуп келишти. Делегациянын 10 катышуучусу 2008-2010-жылдары Фонддун колдоосу астында «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы менеджмент», «Мамлекеттик башкаруудагы менеджмент», Бейөкмөт уюмдардагы менеджмент» багыттары боюнча 1 же 2 жылдык окутуудан ийгиликтүү өтүшү менен Фонддун Борбордук Азиядагы жүргүзүп жаткан иштерине жигердүү катышышкан. Ошентип, Германияга барып келүү мүмкүнчүлүгү алар үчүн кесиптик квалификациясын жогорулатуудагы жетишилген ийгиликтеринин көрсөткүчүнөн болуп калды.
Жаңылыктар архиви |